ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Ажыга барчуларды эмдөө башталды
15.02.2025 | 10:05
2025-жылы ажылык сапарга бара турган адамдарды эмдөө башталды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Маалыматка караганда, эмдөө 28-февралга чейин жүргүзүлөт.
“2025-жылдагы ажылык сапарына барууга мүмкүнчүлүк алып, ажылыктын төлөмдөрүн толук төлөгөн талапкерлерге өлкө боюнча ажыларды эмдөөчү вакцинанын 4 компоненттүү менингитке каршы “ACYW 135” жана мезгилдик сасык тумоого каршы “Гриппол” эмдөө мөөнөтү жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта.
Муфтият жарыяланган мөөнөт ичинде эмдөөдөн өтпөй калган ажыга баруучу талапкерлерге виза ачылбай тургандыгын, милдеттүү түрдө белгиленген мөөнөт ичинде эмдөөдөн өтүүлөрү зарыл экендигин эскертет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар