Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Азия чемпионаты: Айпери Медет кызы финалга чыкты
27.03.2025 | 17:58
Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 76 кг салмактагы кыз-келиндер күрөшүндө Айпери Медет кызы финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Жарым финалда кыргызстандык балбан кыз түндүк кореялык Ми Хьянг Кимди жеңди. Ал финалда индиялык Ритика менен күрөшөт.
Финалдык беттештер Бишкек убактысы менен саат 21:00дө башталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт