Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат
Азия чемпионаты: Балбан кыздар дагы үч медаль утушту
22.06.2022 | 11:01
Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандыктар дагы үч медаль утушту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайты билдирди.
Гүлнура Таштанбекова (65 килограммга чейин) финалда Индиядан келген спортчуну жеңип, алтын медаль тагынды. Динара Амантурова (43 килограммга чейин) финалдык беттеште өзбекстандык атаандашына утулуп, күмүш медаль тагынса, Айтолкун Медет кызы (57 килограммга чейин) улуттук курама командага коло медалды алып келди.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт