Контролдук-касса машинасын колдонуу токтогон жок, — Салык кызматы

Контролдук-касса машинасын колдонуу токтогон жок, — Салык кызматы

Контролдук-касса машинасын колдонуучу ишкерлер сатып алуучуларга кассалык чек берүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы жумада салык органдарына жарандардан айрым соода түйүндөрүнөн товар сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда кассалык чек берүүнү токтоткондугу жөнүндө даттануулар түшө баштады. Алардын айтымында, ККМди колдонуу жокко чыгарылды деген жүйөө менен кассалык чек берүүнү токтотушууда.

Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы ККМди колдонуу жокко чыгарылбагандыгын жана ККМди колдонууга милдеттүү болгон бардык ишкерлер сатып алуучуларга/керектөөчүлөргө кассалык чек бериши керектигин билдирет. Мындан тышкары, чек талап кылганга чейин сатып алуучунун колуна берилиши керек.

Буга чейин, Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги токтомуна ылайык ККМди колдонууга өтүү мөөнөтү аныкталган.

13-июнда өкмөт үйүнүн алдында өткөн митинггде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алкоголдук продукция жана дары-дармек саткан соодагерлер сөзсүз түрдө көзөмөл-кассалык машиналарды милдеттүү түрдө орнотушу керектигин бирок, майда дүкөндөр үчүн ККМ колдонуудан бошото аларын айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>