Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Азия чемпионаты: Боксчу Мырзакир Кошалиев алтын медаль утту
24.05.2025 | 18:13
Кыргызстандык спортчу Мырзакир Кошалиев Шри-Ланкада өткөн бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.
Коломбо шаарында 23-майда 22 жашка чейинки спортчулар арасындагы турнир жыйынтыкталды.
Кошалиев 92 килограммдан жогорку салмакта күч сынашып, ага 4 спортчу катышкан.
Жарым финалда кыргызстандык жигит Өзбекстандын атынан барган Арман Махановду жеңип, финалда калыстардын бир добуштан чечими менен казакстандык Ерсултан Сапардан күчтүү болду. Кошалиев 1-орунду алып, Азиянын жаңы чемпиону болду.
Буга чейин Омар Ливаза да бул Азия чемпионатында алтын медаль тагынган.
Финалда Алмаз Орозбеков, Эльдар Турдубаев, Сагын Сатыбалды уулу жана Азим Чойбековдор утулуп, күмүш байгеге ээ болушту.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар