Саясат таануучу Бактыбек Жумагулов 10-июнга чейин СИЗОго камалдыУКМК: Сириядагы согуш аракеттерине катышкан жаран кармалдыТогуз-Тородо тургундарга 6 миң түп алма көчөтү бекер таратылдыАзия чемпионаты: Бүгүн Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы алтын үчүн күрөшөтИзраилдин Ливанга жасаган катуу соккуларынан 250дөн ашуун адам каза болду — эмне болуп жататАдылбек Касымалиев Алексей Оверчук менен жолугушту — анда эмнелер талкууланды
Азия чемпионаты: Бүгүн Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы алтын үчүн күрөшөт
09.04.2026 | 10:42

Бүгүн, 9-апрелде, Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын кыз-келиндер күрөшү боюнча финалдык беттештери өтөт.
Кыргызстандын курама командасынан 68 кг салмакта Мээрим Жуманазарова жана 76 кг салмакта Айпери Медет кызы алтын медалдар үчүн күрөшөт. Беттештер саат 18:00дө башталат.
Ошондой эле, бүгүн Кыргызстандын атынан дагы беш балбан кыз килемге чыгат. Алар 53, 57, 62, 65 жана 72 кг салмак категорияларында байге орундары үчүн күч сынашат:
- 53 кг — Азиза Келдибекова;
- 57 кг — Танчолпон Кыбалбекова;
- 62 кг — Дилназ Сазанова;
- 65 кг — Гулнура Таштанбекова;
- 72 кг — Нурзат Нуртаева.
Бул салмак категорияларындагы алдын ала кармаштар саат 11:30да башталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт