РКӨФ Бишкекте мектептин жаңы имаратын курууга 1,8 млн доллар багыттайтКыргызстанда 2026-жылы 75 кайра иштетүүчү ишкана ишке киргизилетБишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылдыОшто Орусиядан мыйзамсыз алып келинген, баасы 1 млн сомдук алтын буюмдар аныкталды«Old Bishkek» долбоорунун жаңы өтмөгүндө шыптан суу түшүүдө: сууну чакаларга чогултуп жатышатБишкек–Нарын–Торугарт унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды
Азия чемпионаты (U-20): Эркин күрөш боюнча балбандар 1 күмүш, 4 коло утту
25.07.2024 | 09:00
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары Таиландда өткөн 20 жашка чейинки (U-20) спортчулар арасындагы Азия чемпионатында 1 күмүш, 4 коло утту.
Күмүш медалды Аскат Токтомамбетов (61 кг) тагынды. Ал эми Аден Сакыбаев (70 кг), Байтемир Түлөбердиев (74 кг), Кутман Төлөбалдиев (97 кг) жана Сулде Донгак (125 кг) коло байгенин ээси болду.
Эскерте кетсек, ушул мелдеште буга чейин грек-им балбандары 6 медаль (3 күмүш, 3 коло) жана балбан кыздар 4 байге (2 күмүш, 2 коло) утту. Азия чемпионаты 20-24-июлда болуп өттү.