Салт эмес, трагедия: ала качууну кайтарууга кимдер аракет кылуудаБишкекте Мигранттар үчүн ресурстук борбор ачылдыМинкаб эмгек мигранттарына бериле турган квотаны 100 миңге көбөйттүБишкекте орусиялык өндүрүүчүлөрдүн «Орусияда жасалган» масштабдуу бизнес-миссиясы өтөтБишкекте органдарды трансплантациялоо боюнча эл аралык симпозиум өттүШвейцариянын Улуттук банкынын башчысы Бишкекке келди
Сузак округу боюнча ЖК депутатын шайлоо 22-сентябрга белгиленди
25.07.2024 | 09:12
Президент Садыр Жапаров №13 Сузак бир мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоонун күнүн белгиледи. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, шайлоо 22-сентябрда өтөт.
Эскерте кетсек, Сузак району боюнча 2021-жылы депутат болуп шайланган Тазабек Икрамов жакында эле, 19-июлда мандатын тапшырган. Бийликке сын айтып жүргөн депутат мандатын тапшырардан мурда 17-июлда УКМКда суракта болуп чыккан. Ал депутаттыктан кеткенинин себебин ачыктаган жок.
https://reporter.kg/dagy-bir-deputat-zhkdan-ketti-bul-iret-tazabek-ikramov-mandatyn-tapshyrdy/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом