Кыргызстандык боксчулар 22 жашка чейинки мушкерлер арасындагы Азия чемпионатында 3 коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Астанадагы Азия биринчилигинде Бекзат Эргешов (51 кг), Алмаз Орозбаев (67 кг) жана Даниэл Абдрахманов (75 кг) коло байгеге татыды.
Белгилей кетсек, курама команда мелдешке машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында катышты.