Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык чек арачылар бүгүн, 7-майда болжол менен саат 12:20да Баткендин Лейлек районунун Ак-Босого конушуна жакын жерде, Кыргызстандын аймагына 250-300 метр кирип кетип, мал жайып жүргөн Тажикстандын жарандарын көрүшкөн.

Чек арачылар алардан Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүнү талап кылганда, Тажикстандын жарандары баш ийбей, чек арачыларды таш менен ура баштаган. Чабандардын бири кыргызстандык чек арачыларды көздөй 2-3 жолу ок аткан. Абалдын курчуп кетпеши үчүн чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок атканда, чабандар Тажикстандын аймагына качып кеткен.

Бул окуяда кыргызстандык чек арачылар жараат алган жок. Тажикстан тарап берген, такталбаган маалымат боюнча, коңшу мамлекеттин бир жараны бутунан жараат алган. Бирок Кыргызстандын Чек ара кызматы белгилегендей, Тажикстандын укук коргоо органдары жараат алды делген адамдын сүрөтүн гана жөнөткөндүктөн, аталган жаран кандай жагдайда, качан жана кайсы жактан жараат алгандыгы белгисиз.

Аталган окуяга байланыштуу эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөрөрү күтүлүүдө.

Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экенин белгилейт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>