Азия чемпионаты (U-23): Бүгүн Жанышов жана Нуртаева баштаган спортчулар күрөшөт

Азия чемпионаты (U-23): Бүгүн Жанышов жана Нуртаева баштаган спортчулар күрөшөт

Бүгүн, 28-июнда Иорданияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки (U-23) спортчулар арасындагы Азия чемпионатынын экинчи күнүндө грек-рим спортчуларынын таймаштары уланып, балбан кыздардын күрөшү башталат.

Кыргызстандык грек-рим балбандарынан Азамат Камилжан уулу (55 кг) жана Асан Жанышов (87 кг) килемге чыгат. Бүгүнкү мелдеш күнү менен грек-рим балбандары арасындагы таймаш аяктайт.

Ошондой эле бүгүн кыз-келиндердин беттештери башталып, кыргызстандык балбан кыздардан Нуржаз Жусупова (50 кг), Арууке Кадырбекова (55 кг), Сезим Жуманазарова (59 кг), Нурзат Нуртаева (68 кг) жана Кайыргүл Шаршебаева (76 кг) күрөшөт.

Эскерте кетсек, аталган мелдештин биринчи күнүндө кыргыз грек-рим балбандары 2 алтын, 1 күмүш жана 4 коло утту.

U-23: Азия чемпионатынын биринчи күнүндө балбандар 2 алтын, 1 күмүш жана 4 коло утту

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>