Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Бишкектеги тополоң. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматтан алынды
28.06.2024 | 10:46
Президент Садыр Жапаров Пакистандагы элчи Уланбек Тотуяевди кызматтан алды. Бул тууралуу жарлыкка кечээ кол коюлду.
Маалыматта “Тотуяев жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткара албагандыгы үчүн” иштен бошотулганы белгиленет.
Ал 2021-жылы элчи болуп дайындалган.
Айрым маалыматтарга караганда, Тотуяевдин иштен алынышына 18-май күнү Бишкектеги тополоң себеп болгон. Ал учурда элчи эмгек өргүүдө болуп, окуядан кийин Исламабадка барып, шашылыш чараларды көрүүнүн ордуна эс алуусун уланткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом