“Азия Молл” курчоого алынды. Милиция граната тапты – видео

11.08.2022 | 15:52

Бишкектеги “Азия Молл” соода жана оюн-зоок борборунун имаратына бомба коюлганы тууралуу жашыруун билдирүү милицияга бүгүн саат 13:56да келип түшкөн. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын ИИБнын жетекчилиги жөнөп кетишти.

[image_carousel source=”media: 148717,148718,148719,148720″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, УКМКнын кызматкерлери да келишкен. Учурда тиешелүү издөө жана тактоо иш-чаралары жүрүп жатат.

Жеринде милиция кызматкерлери билдиргендей, унаа токтотуучу жайдан граната табылды. Бирок, алар муляж деп ойлоп жатышат. Учурда УКМКнын саперлеру иштеп жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top