Бишкекте «Азия Молл» соода борборуна жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган кабар берген делип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Милцииянын маалыматы боюнча, 19-январда кечке жуук «102» кызматына эркек киши телефон чалып, «Азия Молл» соода борборуна жардыруучу зат коюлганын, ал жакынкы убакытта жарыларын айткан.
Жерине укук коргоо органдарынын кызматкерлери барып, бирок жардыруучу зат табылган эмес. Ага байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо) менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 34 жаштагы жаран А.И. кармалган.
Милиция жардыруу тууралуу атайылап жалган кабар бергендерге 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертет.