Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Азык-түлүккө болгон баа турукташууда
06.05.2022 | 16:40
Бүгүнкү күндө сатуучулардан товарлардын тартыштыгы жок, баалар турукташкан. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Аталган мекеме социалдык маанилүү товарлардын баасына мониторинг жүргүзгөн. Республика боюнча орточо эсеп менен өсүмдүк майы 1 литри 127-145 сомдон, шекер соода түйүндөрүндө 60 сомдон, базарларда 80 сомго чейин сатылып жатканы аныкталды. Жергиликтүү өндүрүштөгү биринчи сорттогу ундун бир капы 1650 сом (50 килограмм), импорттолгон ун сортуна жараша килограммы 35 сомдон 40 сомго чейин бааланат.
Сезондук товарлардын – картошканын, сабиздин, пияздын, капустанын, помидордун, бадыраңдын баасы жаңы түшүмдүн пайда болушуна байланыштуу төмөндөөдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика