Казакстан Кыргызстан менен чек арасында көзөмөлдү кайрадан күчөтөт

Казакстан Кыргызстан менен чек арасында көзөмөлдү кайрадан күчөтөт

Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети Кыргызстан менен чек арада көзөмөлдү күчөтүү пландалып жатканын кабарлады. Мекеме бул чечимге кыргыз жүк ташуучуларынын аткезчиликти күчөткөнү себеп болгонун билдирди.

Бир айга жетпеген убакыт мурда тараптар казак чек арасынан жүк ташыган унааларды өткөрүүнү жеңилдетүүнү макулдашкан.

Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети кыргыз ишкерлери бул макулдашуудан пайдаланып, Казакстанга контрабандалык жүктөрдү алып кирүү үчүн «көмүскө» схемаларын колдонуп жатат деп эсептейт. Маселен, 28-апрелде Кыргызстандан кирген жүк ташуучу унаадан 1,1 миллион даана Беларустун акциздик маркасы табылган. Башка бир фурадан документте көрсөтүлбөгөн 2 миң даанадан ашуун товар – видеокөзөмөл системалары, кийим-кече, спорттук инвентарь аныкталган.

Комитеттин маалыматына караганда, көзөмөл жеңилдетилгенден кийин Кыргызстандан мыйзамсыз майнинг жабдууларын, электрондук чылым алып кирүүгө аракет кылган учурлар да көбөйдү.

«Бизнес субъектилеринин мындай аракети ЕАЭБ боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн бюджетине зыян келтирүүдө. Буга байланыштуу көзөмөл күчөтүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын расмий органдары бул маалымат боюнча расмий түрдө комментарий бере элек.

Кыргыз-казак чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралып турат. Көзөмөлдүн күчөтүлүшү эки элдин чыр-чатак бутасына айланып, эксперттер муну «соода согушу» деп атап жүрүшөт. Убагында талаш Дүйнөлүк соода уюмуна чейин жеткен. Ошол эле маалда эки өлкө тең Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү. Уюмдун жобосунда биримдикке мүчө мамлекеттер арасында эркин товар ташууга уруксат берилген.

Апрелде Казакстан электрондук эсеп-фактуралары жана товарлардын транзити бар жүк ташуучу унааларды көзөмөлдөн өткөрбөй кое берүүгө макул болгон. Кыргызстан электрондук коштоочу документтери бар фураларды гана жөнөтүп турууга милдеттенме алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>