Бүгүн, 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарында “Аялдардын тилектештик жүрүшү” өтөт. Бул тууралуу “Репортёрго” иш-чаранын уюштуруучулары маалымдады.
Акциянын катышуучулары саат 12:00дө “Жеңиш” аянтындагы өчпөс оттун жанында чогулушат. Андан кийин аялдарга кодулоону токтотуу жана алардын укуктарын коргоо тууралуу чакырыктар менен А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына чейин жөө жүрүшкө чыгышат.
Былтыр 8-мартта биринчи жолу Бишкекте өткөн “аялдардын тилектештик жүрүшүнө” ЛГБТ өкүлдөрү да катышкан. Мындан улам бул жүрүш коомдо катуу талкууга алынып, иш-чаранын уюштуруучуларына коркутуулар дагы болгон.
Ал эми быйыл аталган жүрүштү болтурбоо үчүн Биринчи май райондук администрациясы сотко кайрылган.