Бүгүн Кыргызстанда коомдук транспорттордун иши жанданды

Бүгүн Кыргызстанда коомдук транспорттордун иши жанданды

Бүгүн, 25-майда Кыргызстанда коомдук транспорттор ишин жандантты. Бул тууралуу Өкмөттөн кабарлашты.

Шаар ичинде каттаган автобустар, троллейбустар жана кичи автобустардын да ишине уруксат берилди. Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы 110 троллейбус жана 112 автобус каттамга чыкканы белгилүү болду.

Мындан тышкары кийим-кече сатуучу базарлар, жайкы кафелер жана ресторандар иштей баштады. Тактап айтканда, тамактануучу жайларда 50 орундуктан ашык эместери, коноктор арасында 1,5-2 метр аралык так сакталышы керек. Ошондой эле театр, музей, галерея менен китепкана толугу менен иштей баштады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>