Бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт

Бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт

Бүгүн, 13-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

Абанын температурасы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн +7, күндүз +20 градуска жетет.

Нарында, +1; +16, Ысык-Көлдө +1; +16, Таласта +1; +18 градус жылуу болот.

Бишкекте түнкүсүн +7, күндүз +18 градус жылыйт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>