Бүгүн “Реал” жана “Ливерпуль” командалары беттешет

Бүгүн “Реал” жана “Ливерпуль” командалары беттешет

7-апрелге караган түндө Чемпиондор лигасынын алгачкы чейрек финалдык оюндары өтөт.

Анда “Реал Мадрид” – “Ливерпуль” жана “Манчестер Сити” – “Боруссия Дортмунд” командаларынын оюндары өтөт. Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.

“Реалдын” башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан “Ливерпульга” каршы боло турган оюн тууралуу пикирин билдирди.

“Менин командамды баалабай жатышат деп ойлойм. Мен командама ишенем жана эмнеге жөндөмдү экенин билем. Азыр сонун мүмкүнчүлүк бар, демек биз күрөшкөндөн баш тартпайбыз. Биз биримдикте кармашабыз. Бул сезондо бизде кыйын учурлар болду, азыр баары жакшы, бирок бул алдыдагы оюнга эч кандай таасирин тийгизбейт”, — деди Зидан.

Ошондой эле “Ливерпульдун” машыктыруучусу Юрген Клопп ¼ финалдагы алгачкы оюн тууралуу өз оюн билдирген.

“Менин мотивациям эң жогорку деңгээлде, анткени кийинки турга өтүүнү көксөп турабыз. Бул 2018-жылдагы “Реал” менен болгон  финалга эч кандай тиешеси жок. Ал финалдан бир ай өткөндөн кийин кимдир бирөө менден Серхио Рамосту юбилейиме чакырасынбыдеп сураса – жок демекмин. Бирок азыр… Бул мурда болчу. Биз бул жерге өч алуу үчүн келген жокпуз. Бирок кийинки турга өтсөк сонун болмок. Баары “Реал” фаворит деп айтып жатканын уктум. Абдан жакшы! Бизде атаандаштын ролу боюнча эч кандай көйгөй жок, — деген Клопп.

Ал эми командалардын жооптук оюну 15-апрелге караган түнү өтөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>