«Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы сотко кайрылды

«Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы сотко кайрылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын доо арызы 7-сентябрда, саат 16.30да Бишкек шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу партиянын лидери Адахан Мадумаров 6-сентябрда Бишкекте онлайн басма сөз жыйынында билдирди.

«Биз үч күндөн бери Кыргызстандагы эң мыкты деген адистер, адвокаттар менен талкуулап отуруп, бир да жерден «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттабай коюуга мүмкүнчүлүк тапкан жокпуз. Конституция боюнча да, Шайлоо кодексинде да эч кандай сөз жок. Эч кандай себеп жок. Партиянын тегерегинде түзүлгөн кырдаалга БШК гана күнөөлүү»,— деди Мадумаров.

БШК 3-сентябрда парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн 17 партиянын ичинен 15 партияны талапкер катары каттап, «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыраткан. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрыла турган болгон.

Кыргызстанда парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>