Бөтөлкөлөшүн өлтүргөн деп шектелип Чүйдүн тургуну кармалды

Бөтөлкөлөшүн өлтүргөн деп шектелип Чүйдүн тургуну кармалды

Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелип, 42 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 18-декабрда Жайыл районуна караштуу Ак-Башат айылындагы жылуулук өткөн түтүктөн 41 жаштагы Д.Ф. аттуу кишинин жансыз денеси табылып, адам колдуу болгону аныкталган.

Көп өтпөй шектүү катары 42 жаштагы Г.О. аттуу жергиликтүү тургун кармалган.  Маркум менен шектүү мурда курулуш иштеринде чогу иштешкен. 

Тергөөнүн алдына ала маалыматтарына караганда экөө ошол күнү спирттик ичимдиктерди ичип отуруп, жаңжалдаша кетип, шектүү маркумду өлтүрүп алып, жансыз денесин жылуулук түтүгү өткөн жерге таштап салган.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүр үш жүрүүдө. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>