Бөтөлкөлөшүн бычактаган кыз 3 жылга кесилди  

Бөтөлкөлөшүн бычактаган кыз 3 жылга кесилди  

Бишкекте жаш жигитти бычактаган кызга сот өкүмү чыкты.  Бул тууралуу Жогорку Соттон кабарлашты. 

Маалыматка караганда, өкүмдү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган.

Окуя быйыл 15-февралда болгон. Айгерим аттуу кыз (аты жөнү өзгөртүлдү) 3 тааныш жигит менен биргеликте алкоголдук ичимдиктерди ичип отуруп алардын бири менен жаңжалдаша кеткен. 

Натыйжада жигитке аш бычак менен 4-5 жолу сокку уруп, жабырлануучу “Тез жардам” кызматы менен ооруканага жеткирилген. 

Сотто айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. 

Сот аны күнөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Анын жаза өтөө мөөнөтүн камакка алынган учурдан тартып, башкача айтканда, 2020-жылдын 15-февралынан баштап эсептөөнү чечти. Сот мунапыс колдонуп, анын жаза мөөнөтүнүн үчтөн бирин кыскарткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>