«Дубай, Антальянын баасы». Депутат көлдөгү пансионаттардын тейлөөсүнө даттанды

«Дубай, Антальянын баасы». Депутат көлдөгү пансионаттардын тейлөөсүнө даттанды

Кыргызстандын туризмди өнүктүрүү үчүн инфраструктурасы жок, маркетинг иштелип чыккан эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Ал Министрлер кабинети быйыл 10 миллион турист күтүп жатканын белгилеп, аны тосуп алууга даярдыгын сынга алды.

«Мына Кыргыз-Атага, Кара-Шорого, Арсланбапка канча өзбекстандык турист келип жатат. Жолдорун карагыла, барып келгенче өпкөң кагылып калат. Бизде инфраструктура түзүлгөн эмес», — дейт ал.

Нуржигит Кадырбеков туристтерди тейлөө жаатындагы калпыстыктарды айтып, кошуна өлкөлөрдө ага мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнгөнүн эскертти.

«Өзбекстанда туристти жылмайып кабыл алышат, Тажикстанда Рахмондун буйругу менен конокк туура эмес мамилеге жаза каралган. Биз болсо жылмайганды дагы билбейбиз. Азыр көлдөгү эс алуучу жайларга барсаңыздар тазалыгы жок, бирок баасы Дубай менен Антальяга тең. Ал жакта күнүнө жууп-тазалап, сүлгү, шейшеп алмаштырат, бизде болсо олчойгон акчаны алып, турист чыгып бара жатканда гана келет. Башка убакта номурлар чачылып жатат», — деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>