Баасы жарым миллион. Өлкөгө жумуртканы мыйзамсыз алып киргендер кармалды

Баасы жарым миллион. Өлкөгө жумуртканы мыйзамсыз алып киргендер кармалды

Кыргызстанга мыйзамсыз киргизилген жумуртка кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажычылар Ош облусунда Г.Б.Б. аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “Mersedes-Benz 312” үлгүсүндөгү унааны текшеришкен.

Унаанын жүк салуучу бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 57 миң 750 даана тоок жумурткасы табылган. Кармалган товарлардын жалпы наркы 548 миң 625 сомду түзөрү айтылат.

Материалдар тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>