Бабанов: Болот Шер чыныгы эл баатыры, айкөл адам эле

Бабанов: Болот Шер чыныгы эл баатыры, айкөл адам эле

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Таластагы өзү туулуп өскөн Чоң-Капка айылында өтүп жатат.

Болот Шердин тажыясына партиялаштары, айылдаштары жана аны менен кыргыз саясатында бир убакта бирге жүргөн саясатчылар, тилектештери катышууда.

Болот Шерди акыркы сапарга узатууда саясатчы Өмүрбек Бабанов да сөз сүйлөп, маркумдун кыргыз элине кылган эмгегин, айкөлдүгүн эскерди. 

 “6-апрелде Бокени Бишкеке алып бара жатканда жолдо ургулашкан экен, арадан 2 күн өтпөй Болот байке Ички иштер министри болуп калган.  Ошондо аны сабаган кызматкерлерди кабинетине чакырып силер буйрук аткаргансыңар деп туруп аларды каматпай, кайра иштөөсүнө көмөк көрсөткөн. Мына ушундай Айкөл эле Бокебиз.”, — деди Бабанов.  

Мындан сырткары маркум жаштарга үлгү болуп келгенин, мындар ары да өсүп жаткан муунга үлгү болушу керектигин белгиледи. 

“Чачылганды жыйнаган Боке эле.  2005-жылы парламентке аттанып атканда иним деп чакырып акылын айтып кеңешчим болгон эле.  Чынында эл баатыры биздин Бокебиз. Кудай буйруса бул наамга ээ болот деп ишенем.  Өсүп келе жаткан муунга үлгү болушу керек. Тилеке каршы кетип атат бул дүйнөдөн Бокебиз”, — деди Өмүрбек Бабанов. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>