Бабановдун күлүгү жорго салышта биринчиликти алды – видео

Бабановдун күлүгү жорго салышта биринчиликти алды – видео

Өмүрбек Бабановдун аты Чолпон-Атада өткөн жорго салышта биринчиликти алды. Бул тууралуу саясатчы өзү «Фейсбук» баракчасына жазды.

“Менин жоргом Чолпон-Атада өткөн бышты жорго салышта биринчиликти алды! Ура! Роки менин атканамда туулуп-өсүп, тапталган. Андыктан сүйүнүчүм абдан чоң!”, — деп жазган Бабанов билдирүүсүндө.

Кечээ, 14-июнда Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында туристтик сезондун ачылышына карата ири ат чабыш уюштурулган.  Анда ат чабыштын 11 түрү уюштурулуп, ага баш аягы 200дөй күлүк катышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>