Ташкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алдыМамлекетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилген. Кочкордо айыл аймактын мурдагы башчысы кармалдыКыргызстанда унааны онлайн каттоого болот — жарлыкка кол коюлдуКытай Кыргызстандан тамак-аш азыктарын экспорттоочулар үчүн каттоонун жаңы тартибин киргизүүдөКРда айлык акыны жогорулатуу — 1-апрелден кимдердики жана 1-сентябрдан кимдердики көбөйтүлдү
Байге фонду 500 миң сом. Ошто мэрдин кубогу үчүн ат чабыш өтөт
28.08.2022 | 12:01
Эгемендүүлүк күнүнө жана Канай уулу Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата Ошто мэрдин кубогу үчүн ат чабыш өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, оюндар 31-августта Төлөйкөн айылындагы ипподромдун аймагында өткөрүлмөкчү. Ат чабыш үч багытта болот: тай, кунан, аламан.
Спорттук иш-чараны Ош шаарынын мэриясы “Аргымак” федерациясы менен биргеликте уюштурууда. Жалпы байге фонду 500 миң сомду түзөт.
Каалоочулар үчүн кирүү акысыз.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Спорт