Ысык-Көлдө милиционерлер эс алуучунун телефонун таап беришти

Ысык-Көлдө милиционерлер эс алуучунун телефонун таап беришти

Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук ден соолукту чыңдоочу жайлардагы эс алуучулар ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, полктун кызматкерлери жыл сайын жайдын курорттук мезгилинде Ысык-Көл облусунда жайгашкан курорттук ден соолукту чыңдоочу жайларда коомдук тартипти сактап, жарандардын жана чет өлкөлөрдөн келген коноктордун коопсуздугун камсыздап, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча кызмат ѳтѳп келишет.

Ушул жылдын июнь айынан бери полктун кызматкерлери алдыга коюлган тапшырмаларды так туура аткаруу менен бирге адам ѳмүрлѳрүн сактап калууда, эс алуучулар ар кандай жагдайларда жардам сурап кайрылган учурларда ѳздѳрүнүн ыкчам, сапаттуу иши менен кѳптѳгѳн жарандардын ыраазычылыгына ээ болушууда.

Алсак, Ысык-Көлгө эс алуу үчүн Ош облусунан атайын келген улгайган адамдардын бири уюлдук телефонун жоготуп алган. Ошол аймакта коомдук коопсуздукту камсыздап жүрүшкөн полктун кызматкерлерине жардам сурап кайрылашканда, алар жарым сааттын ичинде уюлдук телефонду таап, ээсине кайтарып беришкен.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>