COVID-19: Мектептерде беткап режимин сактоо сунушталды

COVID-19: Мектептерде беткап режимин сактоо сунушталды

Жаңы окуу жылы мектептерде санитардык-гигиеналык эрежелер толугу менен сакталышы керек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жалпы гигиена боюнча адиси Мария Кушубакова билдирди.

Анын айтымында, мектеп босоголоруна санитайзерлерди орнотуу, социалдык аралыкты сактоо, дааратканаларды тазалык каражаттары менен камсыздоо керек. Ошондой эле окуучулардын жанында антисептик же нымдуу сүлгү болушу шарт.

“Учурда Кыргызстанда беткап режими жокко чыгарылган. Бирок күз-кыш айлары COVID-19, сасык тумоо сыяктуу жугуштуу оорулар баш көтөрөт. Мындан улам мектептерде беткап режимин сактоону сунуш кылабыз. Аны менен бирге класстарды, коридорлорду 10-15 мүнөт желдетип туруу кажет. Ата-энелер менен мугалимдер кичинекей балдарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого үндөшү керек”, — дейт Кушубакова.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>