Байсалов Лейлек районундагы социалдык обьектилердин абалы менен таанышты

25.11.2021 | 09:00

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусуна болгон иш сапарында Лейлек районундагы социалдык обьектилердин абалы менен таанышты.

Байсалов Ак-Арык айылындагы орто мектептин абалы менен таанышкан соң, мектеп капиталдык ремонтко муктаж экенин белгиледи.

Эдил Байсалов ошондой эле Кулунду айылындагы “Кулунду-Нур” балдар бакчасы жана Таир Жолдошев атындагы орто мектептин абалы менен таанышып чыкты.

Андан соң ал Лейлек районунун тургундары менен жолугушту.

«Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурулат. Президентибиз Садыр Жапаров дагы «Баткен – менин жүрөгүмдө» деп айтты. Кыргыз Республикасы Баткен облусунан башталат. Айрыкча, чек арага жакын жайгашкан аймактарды өнүктүрүү Министрлер Кабинетинин негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Башталган иштер сөзсүз аягына чыгарылат» -деди Эдил Байсалов.

Ошондой эле ал Максат айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун абалы менен таанышып, COVID-19 илдетинин жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйынын онлайн-форматта өткөрдү.

Scroll to Top