БУУ Кыргызстандагы аялуу катмарга каржылык колдоо көрсөтүүдө

БУУ Кыргызстандагы аялуу катмарга каржылык колдоо көрсөтүүдө

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) Кыргызстандын шаарларында жашаган аялуу үй-бүлөлөргө электрондук капчык ыкманы ишке киргизди. Бул туурасында аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, пилоттук долбоор Кыргызстандын 23 шаарында ишке ашырылып жатат. Жалпысынан 146,000 АКШ доллары 1,460 аялуу үй-бүлөгө (ар бир үй-бүлөгө 100 АКШ доллары) берилген. Ал каражатты ар үй-бүлөнүн муктаждыгын жараша чечилген. Маселен, айрымдарына үй-бүлөлү бюджетин байытуу үчүн окуу курстарына берилген. Долбоордо улуттук жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган, жалгыз бой энеге, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет.

Электрондук капчык сыяктуу санариптик чечимдер коопсуздукту, көзөмөлдү, натыйжалуулукту, ачыктыкты жана жоопкерчиликти камсыз кылат. Тандоо мүмкүнчүлүгүн берип, бир катар санариптик кызматтарга жол ачып жана алган жардамын каалагандай сарптоого мүмкүнчүлүк берет. Андан сырткары, адамдардын каржылык сабаттуулугун жогорулатат, анткени алар жаңы санариптик аспаптарды жана төлөм ыкмаларын колдонууга үйрөтүлөт.

Бул демилге Швейцария өкмөтүнүн каржылык колдоо көрсөтүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>