2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышат
Байыш Ашырбеков ЖКККББнын жетекчисине орун басар болуп барды
21.12.2020 | 14:17
Байыш Ашырбеков Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын жетекчисине орун басар болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка 16-декабрда Ички иштер министри Улан Ниязбеков кол койгон.
Байыш Ашырбеков 1968-жылы 16-ноябрда Талас облусунун Бакай-Ата районунда жарык дүйнөгө келген.
Юридикалык билимдин ээси.
Укук коргоо органдарында 1996-жылдан бери иштеп келет, подполковник наамына ээ.
2018-жылдан бери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Талас облустук бөлүмүн жетектеп келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом