Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп Нурлан Шакиев шайланды. Ал Талант Мамытовдун ордуна келди.
Төраганын шайлоо жашыруун өтүп, жыйынтыгында ага 80 депутат «макул», 6 депутат «каршы» деп добуш берди.
Нурлан Шакиевдин өмүр баяны
Ал 1977-жылдын 13-майында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен айылында туулган.
Билими:
К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын экономика жана агробизнес факультетин бүтүргөн;
Эмгек жолу:
— 1996-1997-жылдары – «Обон» гезитинин башкы редактордун орун басары, башкы редактор;
— 1997-1999-жылдары – «Учкун» гезитинин башкы редактору;
— 1999-2004-жылдары – «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары;
— 2004-жылдары – Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы;
— 2005-2006-жылдары – «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору;
— 2006-2009-жылдары – Президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы;
— 2009-2010-жылдары – «ЭлТР» коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору;
— 2010-2011-жылдары – Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;
— 2012-2014-жылдары – Жогорку Кеңештин «Ата-Журт» фракциясынын лидеринин кеңешчиси;
— 2017-2021-жылдары – «2 канал» (New TV) ЖЧКнын башкы директору;
— 2021-жылдары № 17 Аксы шайлоо округунан Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган;
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
КМШнын аткаруу комитетинин Ардак грамотасы, ШКУнун юбилейлик медалы жана башка бир катар ведомстволук медалдардын ээси.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз