«Бакырып күлгөнү үчүн урган». Баткенде окуучуну сабаган мугалим кармалды (видео)

«Бакырып күлгөнү үчүн урган». Баткенде окуучуну сабаган мугалим кармалды (видео)

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында «Сапат» лицейинде билим алган окуучуга кол көтөрүп, сабаган мугалим кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин аталган окуянын видеосу соцтармактарга тарап кетип, аталган факт 24-январда милицияда каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө окуя 22-январда болжол менен саат 22:30да болгону аныкталган. 35 жаштагы Г.О. аттуу мугалим 16 жаштагы окуучу уктоочу бөлмөдө достору менен сүйлөшүп отуруп, бакырып күлгөндүктөн, аны коридорго алып чыгып, бетине бир нече жолу уруп жиберген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон. 16 жаштагы балага соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ал эми ага кол көтөргөн 35 жаштагы мугалим убактылуу кармоо жайга камакка алынган.

“Учурда дагы башка окуучулардын токмоктолушу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, тергөө иштери башталды”, — деп билдиришти милициядан.

Эскерте кетсек, аталган окуядан кийин «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчилиги балага кол көтөргөн мугалим менен тарбия иштери боюнча директордун орун басары жумуштан бошотулганын кабарлаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>