Малайзия кыргызстандыктар үчүн ЖОЖдордо окууга 15 квота бөлөт

Малайзия кыргызстандыктар үчүн ЖОЖдордо окууга 15 квота бөлөт

Малайзия кыргызстандыктар үчүн ЖОЖдордо окуу үчүн 10-15 орундук квота бөлүү боюнча макулдашылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, министрдин орун басары Лира Самыкбаева 2024-жылдын 15-январынан 17-январына чейин Малайзияга болгон жумушчу сапарынын алкагында милдеттүү, университетке чейинки, техникалык жана кесиптик билим берүү саясатын, окуу программаларынын стандарттарын жана жогорку билим берүү министрлигин координациялоочу Билим берүү министрлигинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жогорку билим берүү министрлигинде өткөн жолугушууда Кыргызстандын жарандарынын Малайзиянын ЖОЖдорунда окуусу үчүн 10-15 орундук квота бөлүү боюнча макулдашууга жетишилди. Өлкөдөгү эң эски Малая университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып жатып Лира Самыкбаева университеттин жетекчилиги менен Кыргызстандан келген студенттерди окутуу жана биздин өлкөдө кампус куруу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

Ошондой эле министрдин орун басары English Learning Center англис тилин окутуу борборунда билим берүү уюмдарында англис тилин окутуу жана жайылтуу деңгээли менен таанышты. Лира Самыкбаева Малайзиядагы Google кеңсесине барганда мугалимдер жана окуучулар үчүн санариптик платформалар тууралуу маалымат алды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>