Бакыт Төрөбаев: Кыргызстан мал чарбачылыгы жаатында бакубат өлкө болууга умтулат

Бакыт Төрөбаев: Кыргызстан мал чарбачылыгы жаатында бакубат өлкө болууга умтулат

Кыргызстан мал чарбачылыгы жаатында бакубат өлкө болууга умтулат. Бул тууралуу Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Париж шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк Жаныбарлардын ден-соолугу уюмунун улуттук делегаттарынын 92-Башкы сессиясындагы сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Министр өз сөзүндө “2025–2029–жылдарга мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын” долбоору иштелип чыкканын билдирди. Анын айтымында, долбоордун максаты — өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мал чарба тармактарын туруктуу өнүктүрүү, өстүрүлүүчү породалардын азыктуулугун жогорулатуу боюнча чаралардын комплексин жүргүзүү болуп саналат.

“Министрлик ветеринардык контролдоонун заманбап системасын түзүүгө, лабораторияларды модернизациялоого, чек ара ветеринардык өткөрүү пункттарын жабдууга, ошондой эле жаныбарларды идентификациялоонун алдыңкы ыкмаларын киргизүүгө жетишти. Бул чаралар эпизоотиялык туруктуулукту бир топ чыңдоого жана эл аралык рыноктордо коопсуз айыл чарба продукциясынын эркин кыймылы үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берди. Кыргызстан жаныбарлардын ден-соолугу, биологиялык коопсуздук жана азык-түлүктүн сапаты маселелерине өзгөчө маани берет. Бул маселелер мамлекеттик саясаттын чордонунда жана биздин артыкчылыктуу багыттарыбыз болуп саналат. Кыргызстан мал чарбачылыгы жаатында бакубат өлкө болууга умтулат”, — деп билдирди ал.

Министр ошондой эле, эл аралык стандарттарга ылайык укуктук база жаңыланып, эпизоотиялык абалды көзөмөлдөө күчөтүлүп, ооруларга мониторинг жүргүзүү жана эпидемиологиялык маалымат алмашуу системалары киргизилгенин маалымдады.

«Кыргызстан жогорку эл аралык сапат менен коопсуздук стандарттарына жооп берген экологиялык таза, органикалык өсүмдүк жана жаныбарлардан алынган азыктары менен сыймыктанат. Биздин башкы артыкчылыгыбыз – Кыргызстандын ветеринардык системасын жана анын айыл чарба продукциясын эл аралык деңгээлде таанытуу», — деп белгиледи өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>