Жогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталдыБишкекте жаңы №62 автобустук каттам ишке киргизилдиКыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 84%ды түздү
Бакыт Төрөбаев президент дыйкан-фермерлерди жер салыгынан бошотконун билдирди
04.07.2025 | 14:10
Өлкө башчы Садыр Жапаров 2030-жылга чейин дыйкандарды жер салыгынан бошотту. Бул тууралуу айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
Министрдин айтымында, Садыр Жапаров бекиткен улуттук программада дыйкан-фермерлерди жер салыгынан бошотуудан тышкары, аларды суу менен камсыз кылуу да каралган.
“Биринчи кезекте биз фермерлерге сууну толук көлөмдө жана өз убагында алып барып беришибиз керек. Бул үчүн суу сактагычтарды куруп жатабыз, каналдарды куруп атабыз. Ошондой эле сууну жоготууну азайтуу боюнча иштерди жасап атабыз”,- деди Бакыт Төрөбаев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бакыт Төрөбаев, жер салыгы