“Бала Саруу” ГЭСинин биринчи агрегаты качан ишке кирери айтылды

14.07.2022 | 12:21

“Бала Саруу” ГЭСинин биринчи агрегаты 22-декабрда ишке киргизилет. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев бүгүн, 14-июлда Министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Талас облусунда жайгашкан Бала-Саруу ГЭСи эмдиги жылы жазында толук пайдаланууга берилерин айтты.

“22-декабрга энергетиктер күнүнө карата биринчи агрегатын ишке киргизебиз. Эмдиги жылы 1-апрелге чейин калган эки агрегатын бүтүрүп, “Бала-Саруу” ГЭСин толук ишке киргизебиз”, – деди министр.

Буга чейин президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 29-августундаТалас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салгандыгы маалымдалган.  

Ал эми Министрлер кабинети “Чакан ГЭС” ачык акционердик коому Таластагы Киров суу сактагычына Бала-Саруу ГЭСин куруу үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 22,9 миллион доллар аларын билдирген.

Scroll to Top