Президент Талас облусундагы «Бала-Саруу» жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды

Президент Талас облусундагы «Бала-Саруу» жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды

Президент Садыр Жапаров 29-августта, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысына Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жана «Улуттук холдинг компаниясы» ААКсынын колдоосу менен «Чакан ГЭС» ААКсы Киров суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүндө «Бала-Саруу» ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыра баштаганы маалымдалды.

Жол картасына ылайык, долбоор 2022-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилиши керек.

«Бала-Саруу» ГЭСи Талас облусундагы Киров суу сактагычы курулгандан бери пайдаланылбай келген гидроэнергетикалык ресурстарды максималдуу натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

»Бала-Саруу» ГЭСин куруу долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генераторлуу ГЭСтин курулушун ичине камтыйт. Ал жылдык орточо 92 миллион кВтс электр энергиясын өндүрөт.

Иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык, ага керектелчү каржылоо булактарынын көлөмү — 22,9 миллион АКШ долларын түзөт. Учурда аны каржылоо боюнча маселе Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен чечилип жатат жана маселе өнүккөн фазасында.

Бул долбоордун максаты энергетикалык компаниялардын кирешелүүлүгүн жогорулатуу эле эмес, жалпы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү болуп саналат. «Бала-Саруу» ГЭСи электр тармактары үчүн жагымдуу жана ишенимдүү иштөө режимин түзүп берет.

Садыр Жапаров баса белгилегендей, мамлекет энергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат, себеби ал экономиканын негизи жана калктын жашоо шартын жакшыртууга салым кошкон башкы тармактардын бири.

Ошондой эле, мамлекет башчысы учурда «Бала-Саруу» ГЭСинен тышкары, Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи агрегатын ишке киргизүү долбоору, Токтогул ГЭСин жана Ат-Башы ГЭСин модернизациялоо, Папан, Орто-Токой, Төрт-Көл суу сактагычтарында чакан ГЭСтерди куруу, ошондой эле Камбарата ГЭС-1дин жана Кара-Көл ГЭСинин курулуштарынын долбоорлору иштелип жатканын кошумчалады.

Ал бул долбоорлордун аякташы Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун толук чыңдаганга, бардык жарандарыбызды электр энергиясы менен толук камсыздаганга, ошондой эле эл аралык келишимдер боюнча электр энергиясын жеткирүү жаатындагы милдеттенмелерибизди аткарууга толук шарт түзөрүнө өзгөчө көңүл бурду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>