Москвада белгилүү сүрөтчү Семён Чуйковдун көргөзмөсү ачылатКыргызстанда банктык насыяларды берүү ыргагы кескин басаңдадыОштун мэри «Алай» футболдук клубуна автобус тапшырдыКыргызстанда климаттык ишмердүүлүк жөнүндө мыйзам сунушталдыБишкектин батыш бөлүгүндө 7-апрелде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт: аймактардын тизмесиАдылбек Касымалиев дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Балдар арасында «Сом – Кыргызстандын жүзү» сынагы өтөт
03.03.2023 | 17:27
Кыргыз валютасынын 30 жылдыгына карата балдар арасында “Сом – Кыргызстандын жүзү” аттуу республикалык чыгармачылык сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Сынакка 7 жаштан 11 жашка чейинки балдар сүрөт жана кол өнөрчүлүк боюнча катыша алат.
Сынак төмөнкү багыттар боюнча өтөт:
“Сом – Кыргызстандын жүзү”;
“Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр”;
“Кыялдар канат байлаганда”.
Сынакка катышуу үчүн сынактык арызды толтуруп, эмгектерди 1-марттан 1-апрелге чейин Улуттук банктын кызматкерлеринин электрондук почтасына жөнөтүү зарыл. Сынакты өткөрүү тартиби тууралуу маалыматты Улуттук банктын сайтынан алууга болот.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар