Ош: Таяк жегенин айткан милиционер президентке кайрылды (видео)

Ош: Таяк жегенин айткан милиционер президентке кайрылды (видео)

Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Базар айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысынан таяк жегенин айтып чыккан милиция кызматкери Максатбек Аваз уулу президент Садыр Жапаровго кайрылып, «Ички иштер министрлигиндеги башаламандыкты» токтотууну суранды. Анын видеокайрылуусу социалдык тармактарга чыкты.

Анын айтымында, ал — Ноокат райондук милициясынын Жаңы-Базар айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милиция кызматкери. Максатбек Аваз уулу билдиргендей, аны жетекчилиги куугунтуктап, кызматтан кетүүсүн талап кылып, «болбосо кылмыш ишин козгоп кетире турганын айтып» коркуткан.

Ал ички иштер органдарына ишке кирип жатканда, жетекчиликке же райондук милициясынын башчысына мыйзамсыз талаптарын аткарууга ант бербегенин билдирди.

«Мен Кыргызстандын элине, жарандарына ак кызмат кылам деп ант бергем. Мени кызматтан кетиришинин себеби, «эмнеге көрсөткүчтөргө жетпейсиң, жыйынтык көрсөтпөйсүң?» дейт. Мен айыл жергесинде, тоолуу аймакта кызмат өтөсөм, өзүм тейлеген тоолуу аймакта кылмыш катталбаса, мен кайсы жыйынтыкты берем?», — дейт.

Аны менен бирге ал, жыйыныктык көрсөтөм деп мыйзамсыз ишке бара албай турганын, анын ордуна кызматтан кетип калганды туура көрөрүн билдирди.

«Антип жыйынтык көрсөткөндүн ордуна, формамды чечип, башка адал эмгек менен иш кылганым жакшы», — дейт ал.

Сөзүн улай ал Ноокат райондук милициясынын башчысы Талгат Өскөналиев ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун атын жамынып, кызматкерлер арасында өзүн «хан» сезип, мыйзамсыз талаптарды коюп жатканын айтты.

Ал мындай көйгөйгө туш болгон башка милиция кызматкерлери бар экенин, алар жумушунан айдалып кетпейин деп укугун коргой албай жүргөнүн билдирди.

Ошондой эле, ал 1-мартта ага Жаңы-Базар айылдык милициясынын башчысы Мурат Айтиев кол көтөргөнүн айтты.

«Ички иштер министрлигинде адилеттүүлүк качан орнойт.? Качан бул нерседен арылабыз?», — дейт ал.

Сөзүнүн аягында Максатбек Аваз уулу президентке кайрылып, «ИИМдеги башаламандыкты» токтотууну суранды.

«Адилеттүүлүктү, мыйзмадуулукту орнотуп берүүңүздү суранам. Муну өзүм үчүн эмес, Кыргызстандын келечеги үчүн суранып жатам», — деди ал.

Эскерте кетсек, милиционер Максатбек Аваз уулу 1-мартта Жаңы-Базар айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Мурат Айтиев аны урганын айтып чыккан. Бул окуя боюнча облустук милиция териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирген.

«Эмне кыйынсыңбы?». Милиционер бөлүмчө башчысынан таяк жегенин айтып чыкты (видео)

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>