Ошто эки өспүрүм 5 млн сом уурдаган деп кармалды. Окуянын чоо-жайы

Ошто эки өспүрүм 5 млн сом уурдаган деп кармалды. Окуянын чоо-жайы

Ош шаарында эки өспүрүм 5 млн сом уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, милиция шектүү катары 2008-жылы туулган Д.М. жана Н.А. аттуу өспүрүмдөрдү кармашкан.

«Кылмыштын негизги уюштуруучусу Д.М. жаш болгонунуна карабастан мурда 3 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган», — деп билдирет милиция.

Эки өспүрүм 22-январь күнү Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан кафелердин бирине түн ичинде терезеси аркылуу кирип, 5 млн сомдон ашык акчаны уурдап кеткен деп шектелүүдө.

«Шектүүлөр уурдалган акчанын көпчүлүк бөлүгүн бекиткен жеринен таап беришти. Бирок аз убакыт ичинде 480 миң сом акчаны өз кызыкчылыгына иштетишип, ар кимге берип үлгүрүшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү балдар Жалал-Абад шаарындагы атайын балдардын тергөө абагында кармалууда.

Бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин 205-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>