«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 1-майдан 1-июнга чейин 5 миң 875 телефон чалуу келип түшкөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Алардын ичинен 226 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалышкан. Ал эми калган 5 миң 649 жаран жүйөсүз себептер менен же жаңылып чалгандар болгон.
Жогорудагы 226 жаран төмөнкү себептер менен чалышкан:
- балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата-энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 65 (балдар 58);
- психологиялык жабырлануу менен – 27 (балдар 15);
- социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 27 (балдар 0);
- финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 26 (балдар 9);
- билим берүү системасы жөнүндө – 14 (балдар 3);
- башка маселелер боюнча – 14 (балдар 5);
- үй-бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 13 (балдар 3);
- балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 11 (балдар 4);
- БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 9 (балдар 7);
- мектептеги рэкет жөнүндө – 8 (балдар 1);
- балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 3 (балдар 2);
- суицид жөнүндө – 3 (балдар 1);
- медициналык камсыздоо жөнүндө 3 (балдар 0);
- мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 2 (балдар 0);
- үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө 1 (балдар 1).
Кайрылгандардын көбү аял кишилер жана кыздар болгон. Тактап айтканда, 226 чалуунун ичинен: эркектерден – 38 (16,8%), аялдардан – 79 (35,0%), эркек балдардан – 27 (11,9%), кыз балдардан – 82 (36,3%).
«Кайрылган 226 абоненттин ичинен 182 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 37 абонентке психологиялык консультация берилген, 7 кайрылуу маанисине жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган»,- деп айтылат маалыматта.