Мектептерге балдарды 1-2-класска электрондук каттоодо мыйзамсыз иш-аракеттер орун алган. Мындан улам 86 баланын каттоосу жокко чыгарылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзамдуу өкүл (камкорчу) катары катталган кээ бир адамдар жасалма документтердин негизинде балдарды электрондук түрдө катташканы аныкталган. Натыйжада бир эле мыйзамдуу өкүлгө төрт жана андан көп бала катталган фактылар белгилүү болгон.
Ушундай жол менен Бишкек шаарындагы №29 мектепке 86 баланы мыйзамсыз катталганы ачыкталган. Ушундай эле учурлар башка жалпы билим берүү уюмдарында да болгон. Мындан улам УКМК тергөөгө чейинки баштаганы белгилүү болду.
«Комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамсыз катталган бардык балдар боюнча маалыматтар «Мектеп» системасынан жокко чыгарылды. Ошентип, Бишкек шаарындагы №29 мектепте 86 орун бошоду. Бул орундарга ошол микроучастокто катталган балдар 1-2-класстарга кабыл алынышы мүмкүн»,- деп айтылат маалыматта.
Мунун менен катар, Билим берүү жана илим министрлиги маалыматтары жокко чыгарылган бардык балдар 2-июнда баштала турган 1-2-класстарга каттоонун экинчи этабынын алкагында белгиленген тартипте кайрадан каттала алышарын билдирди.
Белгилей кетсек, 2025-2026-окуу жылында билим берүү чөйрөсүн санариптик трансформациялоонун алкагында 1-2-класстарга каттоо онлайн-форматта 1mektep.edu.gov.kg порталы аркылуу, ошондой эле «Түндүк», «Мбанк», «Мегапей» жана башка тиркемелердин жардамы менен жүзөгө ашырылууда. Ушул тапта каттоонун биринчи этабы жүрүп жатат.
Биринчи этапта мектепти тандай элек ата-энелер бул тандоону ушул жылдын 2-июнунда баштала турган экинчи этапта жүргүзө алышат.