Даниел Ажиев эки айга камакка алындыКазакстандан 7,6 тонна курма мыйзамсыз ташылып келгенКыргызстанда акыркы беш жылда 141 тонна алтын өндүрүлдүТМУнун тышкы иштер министрлери Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жана коопсуздук маселелерин талкуулаштыДенис Петрашов АКШда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль жеңдиИрандын жаңы жогорку лидери шайланды. Ал маркум Али Хаменеинин уулу
Балдарга карата зомбулукка күбө болгондор кайда кайрылса болот? Жооп
20.12.2021 | 17:50
Балдарга карата зордук-зомбулукка күбө болгондор милициянын 102 кыска номеринен сырткары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 111 ишеним телефонуна чалса болот. Каалаган уюлдук оператордон чалуулар бекер. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Балдарга жардам борборунун дагы телефон номерлерине кайрылса болот: 0312 54-29-34, 44-25-74, 0555 69 13 12.
Бишкектеги балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо бөлүмдөрүнүн аймактардагы ишеним телефондору:
- Биринчи Май району 031267-03-86
- Ленин району 0312 88-38-99
- Свердлов району 0312 53-05-76
- Октябрь району 0312 51-03-75.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом