Ош: Милиция кызматкерлери күнөсканага лимон өстүрүшүүдө

Ош: Милиция кызматкерлери күнөсканага лимон өстүрүшүүдө

Араванда милиция кызматкерлери күнөсканага лимон өстүрүшөт. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңыдан курулган кошумча имаратынын ачылышына катышуу маалында күнөсканага бара кетти. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, райондук милициянын кызматкерлери лимон бышып калганын жана жакында жаңы жылдык дасторкон үчүн чогулта турганын билдиришти.  Октябрь Урмамбетов мындай саамалыкты колдой тургандыгын жана өздүк курамга кызматында ийгиликтерди каалады.

Министрдин орун басары Араван райондук милициянын жетекчилерине жаңы иш бөлмөлөрү үчүн жаңы компьютерлерди жана башка жабдууларды тапшырды. Учурда иш бөлмөлөрү бардык зарыл болгон заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган. Жаңы имаратта райондук жол
кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери иштешет

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>