“Балким бир күн сурармын”. Өзгөчө кыргыз баласы тууралуу тасма тартылды

“Балким бир күн сурармын”. Өзгөчө кыргыз баласы тууралуу тасма тартылды

Журналист Ибраим Нуракун уулунун уулу Урмат тууралуу тасманын бет ачары болуп өттү. “Балким бир күн сурармын” киносун сүрөтчү-дизайнер Гүлжан Иреш тартты.

Анын бет ачарына акыйкатчы Жамиля Жаманбаева дагы катышты. Ал  өлкөдө кандай өзгөчөлүгү болгон бала болбосун толук кандуу укугу корголуп, коом менен чогуу болушу керек экенин белгиледи.

Анын айтымында, мындай балдарга мамлекеттик деңгээлде камкордуктар көрүлүп, шарттар түзүлүп, алардын ата-энелерине да колдоо керек.

Тасмада Урматтын өзгөчө жан дүйнөсү, ата-эне, жакындары менен болгон тунук сүйүүсү,  коомдогу өгөйлөнгөн көйгөйлөрү тууралуу көрсөтүлгөн.

Башкы каармандын апасы Бактыгүл Чыныбаева менен эжеси Зейнептин ыйлап айтып бергендери келгендердин жан дүйнөсүн козгоп, таасирлентти.

Тасма англис тилине которулуп, эл аралык кинофестивалдарга да катышары айтылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Акыйкатчы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>