Министрлик: Караколдо Ысык-Көлгө саркынды суулар куюлуп жатат делген маалымат тастыкталган жокАзия кубогу-2027: Кыргызстан Иран, Сирия жана Кытай менен бир тайпада ойнойтБорбор Азиянын суу көйгөйлөрүн чогуу чечүү керек — окумуштууКыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыКыргызстанга синтетикалык баңгизат ташып келүүгө шектелип, жети жаран кармалдыКыргызстандын төрт облусунда уруксатсыз таштанды төгүү жайларына көзөмөл күчөтүлөт
Шаршенбеков Польшадагы мелдештин финалына чыкты
20.06.2024 | 18:13
Балбан Жоламан Шаршенбеков Польшада өтүп жаткан Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдешинин финалына чыкты.
Ал грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта күрөшүүдө. Бул мелдешке катышкан балбандар аз болгондуктан, спортчулар эки топко бөлүнүп беттештерди өткөрдү.
Жоламан Шаршенбеков өз тобунда биринчи орунду ээлеп, финалга чыкты.
Эми алтын үчүн украиналык Никита Дементьев менен кез келет. Финалдык беттештер саат 22:00до башталат.
Эскерте кетсек, ушул эле мелдеште 67 кг салмакта эки кыргыз балбан – Амантур Исмаилов менен Разак Бейшекеев да финалга өтүп, алтын үчүн бири-бири менен беттеш өткөрө турган болгон.
https://reporter.kg/polshadagy-meldesh-eki-kyrgyz-balban-finalda-kezige-turgan-boldu/