Мэрия: Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн ачылышы аба ырайына байланыштуу жылдырылдыОкумуштуулар тирүү жандыктын мээсин виртуалдык чөйрөдө толугу менен эмуляциялаштыБишкекте мектепке куралдуу кол салууну пландоого шектелип окуучу кармалдыАйрым ашууларда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилдиКР Саламаттык сактоо министрлиги реанимация кызматын өнүктүрүү пландарын белгиледиЖибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы унаалар үчүн ачылат
Балыкчы шаарына 100 млн сомдук техникалар берилди
06.11.2025 | 15:55

Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарынын коммуналдык кызматтарына 100 млн сомдук атайын жаңы техникалар берилди. Аларды бүгүн, 6-ноябрда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырганын атайын кызмат билдирди.
Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарынын муниципалдык чарбасына 36 даана ар түрдүү коммуналдык техникалар: жол тазалоочу, таштанды ташуучу, суу чачуучу жана атайын тейлөө унаалар берилген.
Тапшыруу аземинде Камчыбек Ташиев Балыкчы шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында президенттин Турукташтыруу фондунан жакында дагы 500 млн сом бөлүнө тургандыгын кабарлаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом